Владимир Жириновский «Спутник V» коронавирус вакцинасы менен эмделди. Россиянын ЛДПР партиясынын лидери дүйнөдөгү биринчи коронавируска каршы вакцинанын каттоодон кийинки ири клиникалык сыноолорунун ыктыярдуу катышуучусу болду.

Жириновскийден тышкары, изилдөөнүн ушул этабында 40 миң россиялык вакцина алат. Эмдөө эки этапта жүргүзүлөт. Бир жолу эмделгенден кийин, экинчи укол үч жумадан соң сайылат. Саясатчы «Спутник V» вакцинасынын экинчи бөлүгүн сентябрдын аягында алат, андан кийин дарыгерлер анын ден-соолугун алты ай бою көзөмөл жүргүзүп турушат. 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 52