Интернет тармагында бий аянтчасында жүргөн адамдардын видеосу жарыяланган. Видеонун авторунун айтымында, кадрдан “Усть-Каменогорск шаарынын прокурорлорун” көрүүгө болот. Бул боюнча Чыгыш Казакстан облусунун көзөмөл органынын басма сөз кызматы маалымат берди. 

Журналист Михаил Козачков видеону Телеграмдагы каналына жүктөдү. Кадрда бий аянтчасында көңүл ачкан эркек киши камера объективин жанындагы бийлеп жаткан кызга багыттаган. 

Усть-Каменогорсктун прокурорлору мыкты, алар жакшы иштешет, жакшы эс алышат! Бир гана суроо туулат: карантин учурунда тартылган эмеспи бул видео?” – деп суроо салды журналист.

Бул видео боюнча Чыгыш Казакстан облусунун прокуратурасы “Ооба, биз билебиз, видеону Телеграмдан көрдүк, учурда текшерип жатабыз” комментарий берди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 790