Украинанын Одесса облусунун Овидиополь райондук соту кечээ, 3-сентябрда адам өлтүрүүгө шектелген Өзбекстандын жарандарына өкүм чыгарды.

3 жылдан ашык убакытка созулган сот отурумдарынын жыйынтыгында айыпталуучулар 15 жылга эркинен ажыратылды. Алар жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөшөт, деп жазды Одессанын жалпыга маалымдоо каражаттары.

Соттолгон Өзбекстандын жарандары Андижан облусунда төрөлгөн. 2017-жылы өзгөчө оор кылмыш жасашкан. Тактап айтканда, адам уурдап, андан опузалап акча талап кылып, тирүүлөй жерге көмүп салышкан.

Маркум Түркиянын жараны, Одессадагы түрк мечитинин имамы болчу. Ошондой эле базарда кездеме сатчу.

Одессадагы түрк коому соттун өкүмү менен макул болбой, жогорку инстанцияга даттанууну көздөп жатышат. Украинанын мыйзамына ылайык мындай өзгөчө оор кылмыш жасагандар өмүр бою эркинен ажыратылат.

Булак: “Баракелде”

Макала жактыбы?

НетДа
3
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 259