Германиянын Кельн шаарында жайгашкан Pascha деп аталган эң ири сойкукана коронавирустан улам банкрот болгондугун жергиликтүү Express басылмасы жазган.

Бул эми ойго да келбеген иш болду. Шейшемби күнү жергиликтүү сотко кудуретсиздик боюнча арыз жазып тапшырдым” , — деген аталган сойкукананын ишин жөндөгөн башчысы Армин Лобшайд.

Өкмөт пандемия учурунда алардын ишине тыюу салгандыктан, карантин учурунда болгон каражаттарын жумшагандыгын айткан.

Лобшайд эгерде келерки жылы “иш жанданып кетет” деген кепилдик берилсе, банкроттугун жарыяламак эместигин кошумчалаган.

Башкаруучу салынган тыюуларга карабастан, сойкулар ишин жашыруун болсо да баары бир улантып, бирок алар салык төлөбөгөндүктөрүн билдирген.

11 кабаттуу имаратта жайгашкан сойкуканада 120дан ашуун кыз-келин төшөк кызматын көрсөтүп, андан сырткары укалоочулар, ашпозчулар сыяктуу кызматкерлер иштээри айтылып келет.

Булак: sputnik.kg

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 339