Кыргызстандагы белгилүү ишкер Тимур Файзиевдин футбол боюнча айткан пикири социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан. Буга байланыштуу ал кечирим сурап видеокайрылуу жасады.

Эске салсак, Файзиев түз эфирге чыгып, ага “Футбол стадионун кура аласызбы?”,- деген суроо узатылган. Анда Файзиев: “Футбол стадионун кура алам, бирок кургум келбейт. Футбол оюну бул бала бакча деп эсептейм. Футбол келечеги жана ары жок адамдар ойноочу пайдасыз оюн”, – деп жооп берген.

Социалдык тармактарда Тимур Файзиевдин бул сөзү талкууга алынган. Жада калса футболчу Айдана Оторбаева дагы реакция кылып, Файзиевдин сөзүнө “Бала бакча – бул чоң жолдун боюнда ламбогиниң менен 100дө бара жатып, өзүңдү орой алып жүргөнүң” деп Инстаграм сторисине киргизди. 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 356