Бишкекте Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
5-сентябрь күнү кечинде “Мерседес” жана “Хонда Фит” үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Кагылышуунун натыйжасында “Мерседес” Ички иштер министрлигинин имаратын сүзүп кирген.