Телеалпаруучу Иван Ургант Россиянын президенти Владимир Путин менен бир унаада болгон тамашалуу видео тартты. Тасма Биринчи каналдын эфиринен көрсөтүлдү.

Видеодо Путиндин август айында Крымдагы «Таврида» трассасынын бир бөлүгүн ачуу салтанатына барган иш сапары учурунда Aurus автоунаасын айдап бараткандагы кадрлар алынган. Монтаж чеберлеринин аракети менен жүргүнчүнүн ордунда Ургант болуп калган. Путиндин сөздөрүнө анын суроолорун ылайыкташтырып жасашкан.

Теле алып баруучу президенттин айып төлөп калбоо үчүн коопсуздук курун тагынуу зарыл деген сөзүнө «экөөнүн ортосунда ким биринчи тамашалуу сөз айтар экен» деген болжолу туура чыкканын билдирет. «Сиз мени оздуңуз», — дейт Ургант.

Автоунаада жүрүп баратканда теле алып баруучу президентке АКШ лидери Дональд Трамп, доллар жана рубль жөнүндө бир нече куйкум сөздөрдү окуп берген. Бирок акыркы сөзү мамлекет башчыга «жакпай кеткенин сезген» Ургант ылдам жүрүп бараткан автоунаадан телеборбордун жанына келгенде секирип түшүп калаарын билдирген.

Макала жактыбы?

НетДа
4
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 644