Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын—Баетов унаа жолунда кара баштыкка салынган 300 миң сом жоголуп, кайра табылганын жергиликтүү тургундар “Турмуш” басылмасына билдиришти.

2-сентябрь күнү Өзгөн районунун тургуну Жанболот уулу Руслан аталган унаа жолдун чордонундагы Шоопур-Булак чөлкөмүнөн 300 миң сом акчасын жоготуп жибергени боюнча билдирүү соцтармактарга жарыяланган болчу.

«Жанболот уулу Руслан Өзгөн районунан Ак-Талаа районуна эгин оруп-жыюуга келип, андан соң комбайнын Кызыл-Белес айылындагы тургунга саткан. 2-сентябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Ак-Талаадан унаа менен кетип бара жатканда Шоопур-Булак чөлкөмүнөн токтоп, 300 миң сом, комбайндын документи жана өзүнүн паспорту салынган кара баштыгын унаанын үстүнө койгон. Бирок кетеринде баштыгын унутуп калган», – деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Кечээ, 6-сентябрь күнү соцтармактарга жоголгон документтер жана 300 миң сом табылганы боюнча маалымат тарады. Ишенимдүү булактардын маалыматына караганда, жоголгон баштыкты Куланак айылынын тургуну таап алган.

Булак: Turmush

Макала жактыбы?

НетДа
129
8
Loading...

Комментарии

  1. Куланактан Нарын тарапка откондогу жол боюндагы булакты Шынгыма деп айтылчу эле, ал качантан бери шопур булак болуп калды эле.

  2. Аллахым таап алган адамга ыраазы болсун, ыймандуу, акылдуу адам экен, сиздей адамдар көп болсун!!!

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 15 931