Журналист Талант Канатбек уулу коронавирус пандемиясы күч алган убакта Оштогу ооруканалардын биринде болгон таасирдүү окуяны жазды. Текстти өзгөртүүсүз беребиз.

Атасы үчүн түн уйкусун кечип, терезеде күзөткөн бала.

(Болгон окуя, сүрөт Оштогу ооруканалардын биринде тартылган)

Бисмиллаахи- Рохмаанир-рохиим.
Бул окуяны жайында коронавирус пандемиясы күчөп турган маалда, пневномия болуп ооруканага түшкөн бир иним айтып берди. Анда кийинки сөздү ошол инимден уксак:

“Биз менен бир палатада жашы улуурак киши да өпкөсүн сезгентип келип, дарыланып жатты. Ошол күндөрү эпидемия аябай күчөп, адам өлүмү көп болуп жаткан. Баарыбыз Алладан шыпаа тилеп, дарыланып жаттык. Айрымдары көз алдыбызда үзүлүп кетип жатты. Палатага болсо сырттан адам киргизбейт.

Бирок жанагы кишинин баласы күн сайын терезенин алдына келип, атасынан кабар алып, атасына дем-күч берип колдоп жатты: ” Атаке сиз айыгып кетесиз буйруса, сиз күчтүү адамсыз, сиз бекем болуңуз, мен сиздин жаныңыздамын” деп айтаар эле. Бул көрүнүштү күндө көрүп жаткан мен да баланын атасына болгон сүйүүсүн көрүп таасирленип жаттым. Ошентип күндөр өтө берди, акыркы күндөрү баласы үйүнө да барбай күнү түнү ошол терезеде атасын карап отурду.

“Ата, буйруса сөзсүз сакайып чыгасыз, сиз күчтүү адамсыз, күзүндө сизди келиндүү кыламын, тоюбуздун төрүндө отурасыз, анан сизге машина алып берем, ата” дейт жакшылыктан үмут үзбөгөн бечара бала. Кийин сурасам жайга белгиленген уулунун уйлонуу тою карантин болуп кузго жылган экен… Терезеде туруп алып атасына тамак жеңиз деп айтат, байкуш атанын тамакка табити жок болсо да баласынын конулун кыйбай тамактан жемиш болот. “Балаң адеп айтып жатса эптеп жейт экенсин” дейт жарыктык киши. Өзү мамлекеттик кызматта иштеген, жөнөкөй инсан эле.. Бирок атын өчкүр вирус ал кишини күн өткөн сайын жей баштады, муну байкаган зирек баласы тимеле тыбырчылайт терезеден кетпей, ” Ата, сиз кыйын адам элеңиз го, сиз жеңесиз бул ооруну, сиз күчтүүсүз, Ата… Аллахым шыпаа берип сакайып кетесиз буйруса Ата” деп чабелектейт. Муну көргөн биздин көзүбүз да жашка толуп, жүрөгүбүз эзилет…ал эми жакшылыктан үмүт кылган бала түнү бою терезе астында атасын карап жалооруп отурар эле…

Бирок 2 жумадай жаткан соң тиги киши оорудан айыга албай тиги дүйнөгө сапар алыптыр…Бечара бала… атасын күткөн бала…
Кийин врачтын айтымында өлүм алдында өзүн кармап, кайра кайра келме айтып жатып, тиги дүйнөгө узап кетти дейт”

Караңыздар баланын атага болгон сүйүүсүн жана урматын. Алардын ортосун терезе гана тосуп турду…

Аллах Таалам бул каза болгон агабызды Өз рахматына алган болсун, ал эми АТА УУЛУ деген атка конгон бул инибизге Аллах ыраазы болгон болсун. Ата дүйнөдө бирөө эле болот эмеспи. Балким Аллах насип кылса бул иним экөөбүз жолугуп дагы баарлашарбыз. Кайрат кыл, сабырдуу бол иним!

Макала жактыбы?

НетДа
177
3
Loading...

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 5 223