Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, дипломат Эрик Асаналиев узак оорудан кийин 61 жаш курагында Бишкек шаарында 11-сентябрда каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна маркумдун кызы Бермет Эрик кабарлаган.

Эрик Асаналиевдин сөөгү 13-сентябрда Түп районундагы өзү туулуп-өскөн Ак-Булуң айылында жерге берилет.

Эрик Асаналиев 1959-жылы 2-майда туулган. 1980-жылы Кыргыз улуттук университетинде журналисттик адистикке ээ болуп, 1985-жылы СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (КГБ) эки жылдык жогорку мектебин аяктаган.

Эмгек жолун журналист болуп иштөөдөн баштап, кийинчерээк атайын кызматта ишмердигин уланткан.

1993-1994-жылдары Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Аскердик чалгын башкармалыгында бөлүм башчы;

1994-1997-жылдары Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;

1997-2001-жылдары Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси;

2010-2012-жылдары Беларустагы, Литвадагы жана Латвиядагы элчиси болуп турган.

Соңку жылдары Тышкы иштер министрлигине караштуу «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесин жетектеп келаткан.

Кыргыз, орус тилдеринен тышкары француз тилинде эркин сүйлөгөн.

Маркумдун артында эки кыз, бир уулу калды

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 130