Ош шаарында 7-сентябрда саат 04:00дө супермаркеттин жанында милиция кызматкерлери сабалган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдирген. 

Маалыматка ылайык, 4 милиционер сабалган. Күбөлөрдүн айтымында, милиция кызматкерлери мас абалында болушкан. Алар супермаркеттин жанында отурган жигиттерди түртүп башатаган, берки балдар дагы ичимдик ичип алышкан. Мындан улам алардын ортосунда жаңжал башталган. Милиционерлер форма кийип, бирок үстүнө спорт костюм кийп алышкан. 

Милиция кызматкерлери менен жигиттердин мушташы видеокөзөмөл камерасына түшүп калган. Супермаркеттин күзөтчүлөрү аларды бөлүүгө аракет кылышкан. Видеодо эки жигит унаанын ичинен бычак, таякка окшош нерсен алып чыгып, милиция кызматкерлерин кубалаганын көрүүгө болот.

Ош ШИИБ бул факты КЖБРге “Бейбаштык” беренеси менен катталып, окуя 7-сентябрга караган түнү болгонун билдирди. Учурда мушташтын катышуучуларынын өздүгү аныкталууда.

“Чындыгында эле милиция кызматкерлери болгон. Бирок мушташтын баардык катышуучулары укук коргоо органдарынын кызматкерлери эмес. Тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
7
30
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 2 575