Интернет тармагында айдоочу патрулдук милициянын кызматкерине орой сүйлөп жаткан видео чыкты. Анда видеого тартып жаткан айдоочу “Такканды билгенден кийин чеч, бол чеч өпкөңдү үзүп коё электе. Жүктө багажга” деп кайрылып жатканын угууга болот. Ал эми инспектор унчукпастан анын айткандарын аткарып жатат.

Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, окуя 22-июнда болгон. Кайгуулчулар Фучик жана Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде туура эмес токтотулган «Фольксваген Пассат» унаасына блокиратор орнотушкан.

Кийинчирээк айдоочусу келип, документттерин көрсөтпөстөн көп убакытка чейин инспекторлорго каршылык көрсөткөн. Натыйжада ага карата протокол толтурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Айдоочу окуяны телефонуна тартып, кайгуулчуларды жаман сөздөр менен басынтканга аракет жасаган. 3 айдан кийин ал видеону монтаждап жасап, аны интернетке жайылтып жиберген.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 470