Алай районунда көмүр казуу максатында аска сүрөттөр (петроглиф) жок кылынууда. Бул тууралуу Түркиядан келген фотограф Зафер Динчер Facebook баракчасына жарыялады.

«Алай районунун эң кооз жерлеринин бири коркунучта!  Мурдаш жана Кара-Кур айылдарынын эли чыккан Калдырама, Боз-Бээ, Ак-Бай жайлоолорунда жайгашкан Көк-Көл тез арада жоголуп кетиши мүмкүн. Ошол жактагы жаңы көмүр карьери 2-3 күн мурун иштеп башталыптыр. Көлдүн айланасындагы уникалдуу Саймалуу Таштардын көбү көмүргө салган жолдун себебинен сынып жана талкаланып баратат.  Эгерде техникалар ишин уланта берсе, бир жумада бул кооздугу укмуш болгон жерден айрылып калабыз деп, тынчсызданып жатабыз. 3-4 миң жылдан бери тынч-аман сакталып келе жаткан бул маданий байлык жакында жоголуп кетиши толук ыктымал.
Бул Кыргызстандын тарыхый мурасын сактап калуу боюнча иштер башталышы – туура деп эсептейбиз», – деп тынчсыздануусун жазган Зафер Динчер.

Опубликовано Zafer Dincer Воскресенье, 13 сентября 2020 г.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 82