Бишкек шаарында жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышты. Видеодо көрүнүп тургандай жеңил унаанын артынан келип сүзгөндө, ыргып кеткен жеңил унаа жолдо өтүп бара жаткан адамды сүздү.
Жол кырсык Лев Толстой көчөсүндөгү “Глобус” гипермаркетинин жанында болгон. Окуянын видеосу “Сейчас” телеграм-каналына жарыяланды.