Нарында “Дыйкан – Кара-Кече” жолунун 37-чакырымында Кара-Кече тоосунда жер көчкү жүрүп, жолду тосуп калды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Министрлик билдиргендей, жерк көчкү Кара-Кече суунун тосуп калып, электр линияларын бузган.
Жумгал районунун Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечими менен жол убактылуу жабылды. Учурда жер көчкү токтогон жок. 500-600 м3 болгон жер массасы Кара-Кече суусуна жылып жатат.