Ысык-Ата районунун Кегети айылында 20 жаштагы жигит атасы менен урушуп, кекиртегин кесип жиберген. Бул тууралуу «24.kg»  өздүк булактарына таянып ​​жазды.

Окуядан кийин ал Чүй облустук ооруканасына жаткырылган.

Бул маалыматты Чүй облусунун ИИББ тастыктады. Министрликтин маалыматы боюнча, 12-сентябрь күнү саат 21.27де нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан Кегети айылынын тургуну 20 жаштагы А.Э. денесинде жаракат менен түшкөнүн кабарлаган.

«А.Э. атасы менен үй-бүлөлүк чыр учурунда ашкана бычагын алып, мойнуна кесилген жаракат келтирген. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат », – деп билдиришти.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 103