Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
11-сентябрь күнү Ж.З. аттуу КР жаранынан келип түшкөн кайрылуунун негизинде УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы КЖБРге “Пара талап кылуу” боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин каттаган.
Такталгандай, Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С., Ж.З. аттуу жаранга оң чечим чыгарып берүү үчүн андан акча талап кылган. 2020-жылдын 14-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иштери учурунда Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы А.Ж.С. талап кылган акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.