12-сентябрда Талас облусунда Үйүр-Марал өзөнүндө аюу менен мамалак атылган.

«Ауди 100» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, ага текшерүү жүргүзүлгөндө каптарга салынган 2 аюнун териси, баштары, баштыкка салынган майы табылган. Бул факты видеого тартылып, акт түзүлгөн.

 

Талас ОИИБдин маалыматына караганда, шектелген адам Бакай-Ата районунун 36 жаштагы тургуну. Ал 12-сентябрда саат 00:30 чамасында Талас ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган.

К.У. аттуу жаранды текшерүү учурунда «ВЕПР» сайлуу ок атуучу куралы алынган.

Аталган факт каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Табылган аюулардын териси жана эти далил зат катары алынып, аңчылык кылуу департаментине өткөрүлүп берилди. Кармалган жаран тергөөдө сурак берүүдө.

Бул аймактан былтыркы жылы фотокапкандарга түшкөн 5 аюу бар деп саналган. Аюу аткандарга бир башына 1 млн сом айып каралган.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 155