Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин атасы Билл Гейтс АКШда 94 жаш курагында көз жумду. 

Гейтс 14-сентябрда АКШнын Вашингтон штатындагы деңиз жээгиндеги үйүндө каза болгон, ал Альцгеймер менен ооруп жүрчү.

Кечээ атам үйүндө үй-бүлөсүнүн курчоосунда тынч көз жумду. Аны биз азыр айтып жеткире албагандай сагынабыз. Биз кайгырганыбызды сезебиз, бирок ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Атамдын өлүмү күтүүсүз болгон жок, ал 94 жашта болчу, ден-соолугу начарлап бараткан, ошондуктан көптөгөн жылдар бою биздин жашообузда ушундай сонун адам бар болгонуна бактылуу экенибизге ой жүгүртүүгө үлгүрдүк“, – деп жазган Билл Гейтс өзүнүн блогунда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 26