Бишкек-Торугарт унаа жолунун 47-чакырымында “Мазда 626” жана “Фольксваген” үлгүсүндөгү автоунаалар кагышты. Кырсык бүгүн, 16-сентябрда саат 16:00дөр чамасында катталган.
Алдын ала маалымат боюнча, “Мазда 626” унаасы техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам карама-каршы тилкеге чыгып, башка унаа менен кагышкан.
Жол кырсыгынан жабыр тарткандар тууралуу маалымат такталууда. Анткени тез жардам кызматы келгенге чейин жабыркагандар жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу ооруканага жеткирилген.