Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында 21 жаштагы кыргызстандык жигит өзүнүн жетекчисин өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу «Gulf News» басылмасы жазды.

Кыргызстандык жигит Аль-Квоз кварталындагы гаражда иштечү. Ал ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга кайтмакчы болгон, бирок менеджерге датасы туура келген эмес дагы уруксат бербей койгон. Мындан улам экөөнүн ортосунда чыр чыккан.

Жетекчи кыргызстандык жигитти жумуштан бошотуп, иш ордунан кетүүнү талап кылган. Айыпталуучунун өзүнүн айтымында, ал кесиптештери кеткенче күтүп, андан кийин эшикти бекитип, бычакты алып, жетекчисин кекиртегинен кескен. Жабырлануучунун дагы деле дем алып жатканын көрүп, бетин балка менен жанчып салган. Медициналык экспертиза маркумдун башына 6 жолу сокку урулуп, бети 13 жерден кесилгенин аныктаган. Канжалаган жансыз денени 20 мүнөткө дүкөнгө барып келген башка жумушчулар табышкан.

Кылмышка шектүү Дубайдагы Кыргызстандын консулдугунун жанында камакка алынган. Ал атайылап киши өлтүргөн деп айыпталууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 219