Каракол шаарында айдоочу коомдук тартипти бузгандыгы үчүн жоопко тартылды деп билдирди Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

15-сентябрда күмүш түстөгү «Субару Форестер» унаасынын айдоочусу жол эрежесин одоно бузуп, Абдрахманов жана Пржевальский көчөлөрүнүн кесилишиндеги айланма жолдо катуу ылдамдыкта айдап баратканын видеого тартып алышкан. Жолдун бул бөлүгү жаңы гана пайдаланууга берилген. 

Бул факт Каракол ШИИБнин КЖБРне каттоого алынып, 16-сентябрда айдоочунун өздүгү аныкталган. Ал 25 жаштагы А.А. атттуу Караколдун тургуну болгон. Ага карата унаа бейбаштыгы боюнча протокол түзүлүп, 7 500 сом айып пул салынган. Ошондой эле, айдоочуга карата жол чиймелеринин бузулушу боюнча материалдар да түзүлүп, юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 488