Иллюстрациялык сүрөт

Кемин районунда 29 жаштагы кыз жол тосуп отурган унааны айдап качып кеткен. Бул тууралуу Чүй ОИИББнен билдирди.

Маалым болгондой, 4-сентябрда 25 жаштагы Н.Б. аттуу жаран милицияга кайрылган. Ал Кемин районунан кетип бара жатып жолдон бир кызды салган. Ал экөө бир аз сүйлөшкөндөн кийин бирге ичимдик ичишкен. Айдоочу уктап калганда, жүргүнчү кыз анын чөнтөгүнөн унаанын ачкычын алып айдап качып кеткен. Жабырлануучу өз арызында жакшы тааныш эмес кызга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт “автотранспорт каражатын уурдоо” беренеси менен КЖБРге катталган.

Уурдалган машина Токмок шаарынын аймагынан табылып, кармоо учурунда кыз мас абалда унаа башкарып жүргөн. 29 жаштагы Б.А. аттуу кыз Кемин РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
6
11
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 2 224