Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы Космосбек Чолпонбаевге айып тагылгандан кийин, ал коронавируска текшерилип, жыйынтыгы терс натыйжа көрсөттү. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кечээ, 15-сентябрда Чолпонбаевди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ага “шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” фактысы боюнча айып тагылууда. Ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөнү аныкталып, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 42