Кичинекей баланы чоңдор мыкаачылык менен сабап жаткан видео Instagram жана WhatsApp колдонуучуларынын арасында активдүү жайылтылып жатат. Чечнянын прокурору Шарпудди Абдул-Кадыров бул факт боюнча тергөө ишин баштоого буйрук берди.

Видеодо жаш баланы (жашы бир жашка жакын) чоң киши уруп-сабап, ошондой эле муунтуп, чачынан тартканын көрүүгө болот. Экинчи бөлүгүндө жерде жаткан баланы ичке жана бетке урган. Ошол эле учурда кадрларда чоң кишинин өзү көрүнбөйт жана ал эч нерсе деп айтпайт.

14-сентябрда чыккан видео бир нече сааттын ичинде 70миңге жакын көрүлүп, жүздөгөн ачууланган комментарийлерди алган.

Чеченстандын прокуратурасы бул окуя боюнча иликтөөнү баштады, үй-бүлөнүн жашаган жери жана окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 315