Кечээ түндө Бишкектин Тыналиев көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты.Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метр. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, тилсиз жоо саат 00:13тө толук өчүрүлгөн.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, өрт 14 кабаттуу үйдүн 13-кабатынан чыккан.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен Штаб, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 бөлүм, Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райодук №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, Ленин райондук №8 АӨКБдан АКП (Автошаты) унаасы, тез жардам кызматынан 1 бригада жана ИИМден 25 кызматкер тартылган. Өрттүн кесепетинен имараттын 400 чарчы метр курулуш буюмдары күйгөн.

Өрттөн жабыркагандар жок. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 41