Учурдагы эпидемиологиялык абал боюнча элдин коопсуздугун сактоо максатында Лейлек район аймагында милиция кызматкерлери санэпид кызматкерлери менен чогуу мекеме-ишканалардын, коомдук тамактануучу жайлардын, тойкана-кафелердин санитардык эрежелерин текшерүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле кафе, ресторандарда, атайын эс алуучу жайларда той өткөргөндөрдү аныктоо боюнча көзөмөл күчөтүлүп, күндүзгү жана түнкү рейддер уюштурулган.

Коомдук жайларда, тойканаларда тартипке баш ийбей санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган тойкана ээлерине мыйзам чегинде чаралар көрүлүүдө.

Рейддин жүрүшүндө Жаңы-Жер айыл аймагынын Борбордук айылында жайгашкан “Раньо” тойканасында үйлөнүү тоюу өткөргөндүгү аныкталып, тойкананын администраторуна Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесинин негизинде айып пул салынды.

Лейлек район аймагында жалпысынан 49обьект текшерилип, 15 мекеме-ишканаларга, 37 жеке ишкерлерге жана багыттардагы 28 коомдук транспорттун айдоочуларына эскертүү баракчалары берилди.

Макала жактыбы?

НетДа
3
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 256