Балыкчы шаарынын тургунун тоноого шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-сентябрда спорттук дене түзүлүштөгү белгисиз адамдар аялдын үйүнө келип аны өлтүрөбүз деп коркутушкан. Шектүүлөр анын үйүн тинтип, 406 миң сомун алып качып кетишкен.

25 жана 37 жаштагы шектүүлөр кармалып, эки айга камакка алынды. Биринчиси, мурда каракчылык боюнча соттолгон, Ички иштер министрлиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган.

Факт КЖБРге катталып, “Үйгө кирип, тоноо” беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
4
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 642