Жумгал районунун Кең-Суу айылындагы “Дүйшөндүн мектеби” атка конгон карлик мектебин Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Токтожума Стаханов 2015-жылы өзүнүн 2 бөлмөлүү үйүндө уюштуруп, башталгыч класстын окуучуларын бүгүнкү күнгө чейин окутуп келет.

Мындай жагдай 17 түтүн эл жашаган Кең-Суу айыл аймагында орто мектеп жок болуп, коңшу айылдарга балдарды ташып окутуу кыйынчылыгынан улам келип чыккан. Бүгүнкү күндө айылда мектеп курагындагы 30 бала бар болсо, алардын 11и карлик мектебинде бир гана мугалимден билим алат.

Облус жетекчиси Эмилбек Алымкулов Жумгал районуна болгон иш сапарында Кабак айыл өкмөтүнө караштуу Кең-Суу айыл аймагында болуп, карлик мектебин көрдү. Балдардын келечеги үчүн жашап турган үйүн мектепке айлантып, билим-тажрыйбасын, дилин, жашоосун айылдын жаш муундарына арнаган Токтожума Стахановго терең ыраазычылык билдирип, эмгегин жогору баалады. Ошондой эле айыл эли менен жолугуп көйгөйлөрүн укту.

Айыл тургундары бул жердеги эң негизги көйгөй электр энергиясынын буга чейин болбогондугун айтышты. Ошондой эле мобилдик байланыш начардыгын, айыл тоо арасындагы шарты катаал аймакта жайгашкандыктан жаан жааган сайын тоодон таш кулап жол каттамы үзгүлтүккө учурап калаарын, айыл эли медицина кызматына муктаж экендигин билдиришти.

Жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл Э. Алымкулов бул маселелердин үстүндө иштер болуп атканын, айылга электр энергиясын алып келүү боюнча райондун өнүктүрүү фондунан жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен быйыл материалдары алынаарын, ал эми долбоорлоо, электр линияларын орнотуу, монтаждоо жумуштарын өзү көзөмөлгө алып жардам берээрин айтты.

Райондун акими Адыл Сапаров айыл өкмөтүнүн эсебинен эки чакан автобус жана бир тез жардам автоунаасы алынып жатканын, бир автоунаа менен Кең-Суу айылынын балдары коңшу айылдарга барып-келип окушаарын билдирди. Ошондой эле жакында медициналык кароо уюштурулуп берилээрин убада кылды.

Белгилей кетсек, Кең-Суу айылы Кабак айыл өкмөтүнө караштуу 6 айылдын бири. Айыл өкмөткө караган Кызыл-Коргон, Табылгыты, Котур-Суу, Таалга, Сары-Булуң айылдары да чачкын, шарты катаал аймакта жайгашкан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 223