Турсунбек Акун: Кыйынсынган Суваналиев министр болуп турганда криминалды өзү токтото алган эмес
“Мен 30 жылдан ашуун саясатта жүрөм, журналист эмесмин. Бирок мен журналисттерге, Семетей иниме (Семетей Талас уулу) айтайын, кечээ эле жаш бала болчу, айланайын, эмне үчүн элде азыр криминал боюнча туура эмес пикир кетип атат, анткени билип-билбей, тигил криминал антип атат, тигиниси менен биригип атат, ичип атат, чаап кетти деп журналисттер өздөрү таратышат”, – деп белгиледи укук коргоочу Турсунбек Акун “Азаттыктан”.
“Эксперттер талдайт” берүүсүндө криминалдын шайлоого аралашканы жөнүндө тема талкууланды.
“Сиз суроо бердиңиз, менин фактым жок, дейт. Кудрет да айтып атат (Кудет Тайчабаров), мен антип кайрыла алган жокмун деп. Мына ушундай туура эмес, билип-билбеген журналисттердин газетага толгон-токой макалаларды жазып, элдин башын айлантып, ушинтип атып криминалдарды өзүбүз элдин аң-сезимине жеткирдик. Криминал менен биригип кетти деп. А негизи андай эмес, күрөш жүрүп жатат. Келген министрлерди деле көрдүк, ошол Каттанини деле көрдүк. Тескерисинче, Суваналиевдин убагында криминалдар өсүп кеткен. Азыр кыйкырып атпайбы кыйынсынып, өзү токтото алган эмес, ошонун тушунда. Азыр токтоду деп айта албайм, бирок криминал менен күрөш жаманбы-жакшыбы жүрүп жатат. Президент иш жүрүп жатканын көрүп атат, бирок ойдогудай иштебегени үчүн урушуп атат. Анын ордуна алып келе турган кадр да жок. Мисалы, ИИМ, ГКНБнын жетекчилерин алып салды. Алардын ордуна келгендери деле кыйратпайт. Советтик системадагы кадрлардын баары өлдү да азыр. Президент эмне, көрбөй жатыптырбы? Ал баарын билет. Ошончүн биз кадр маселесине келгенде өтө так бололу, анан маалыматты бергенде урматтуу журналисттер так бололу, бирөөгө асылгандан мурун”, – деди Турсунбек Акун.

Макала жактыбы?

НетДа
4
7
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 596