Райондук сот Аравандагы мушташка шектүү катары төрт жарандын бөгөт чарасын 23-сентябрда карап, аларды эки айга тергөө абагына камакка алды.

Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, жалпысынан алты кишиге айыбы угузулду. Алардын бири ден соолугуна байланыштуу ооруканада.

20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган.

Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышты.

Ички иштер министрлиги коомдук тартипти камсыз кылууда кетирген кемчиликтери үчүн райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынганын билдирген.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 78