«Республика» партиясы Кадамжайда акча таратып жаткан үгүтчүгө байланыштуу “Элдик медиага” түшүндүрмө берди.

Эске салсак, буга чейин соцтармактарда эркек киши чогулган аялдарга акча таратып жаткан видео чыккан. Тасмада ал адам өзүн Мойдун Калыков деп тааныштырып, элдин жол киресине акча төлөп жатканын билдирген.

“Кадамжайдагы акча бөлүштүрүү окуясына “Республика” партиясынын эч кандай тиешеси жок! Кадамжайдагы жолугушууга келгендердин жол киресине акча таркатып жаткан Мойдун Калыков партияда штаб башчы да, агитатор дагы эмес экендигин расмий билдиребиз. “Республика” партиясынын шайлоо алдындагы штабы аны менен эч кандай эмгек, келишимдик жана каржылык мамиледе эмес” – деп айтылат партиянын маалыматында.

Ошол эле учурда М.Калыков чындыгында эле Жогорку Кеңешке талапкерлердин биринин досу экендиги аныкталганы белгиленет. Кадамжайда боло турган жолугушууга досунун чакыруусуна жооп кылып, Мойдун Калыков жеке демилгесин көтөрүп, айылдаштарына транспорт уюштурган дейт. 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 379