Казакстанда өлүм жазасы алынып салынды. Буга чейин өлкөдө ага мораторий жарыяланган. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Казакстан өлүм жазасын алып салуу боюнча эл аралык протоколго кошулгандыгы, БУУнун баш кеңсесинде тиешелүү документке Казакстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Кайрат Умаров кол койгону маалымдалды.

Президент Касым-Жомарт Токаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75 жылдык мааракелик сессиясынын жалпы саясий дебатында сүйлөгөн сөзүндө, Казакстан жашоого жана адамдын кадыр-баркына болгон негизги укукту ишке ашырууга берилгендигин баса белгиледи.

“Бул эл аралык документке кол коюу кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштыруу багытынын уландысы” деп баса белгиленди. Казакстанда өлүм жазасын колдонуу Президенттин 2003-жылы тиешелүү мораторий киргизген жарлыгы менен токтотулган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда өлүм жазасы катары жазанын бул түрү каралган эмес.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 33