Кыргызстанда COVID-19 менен күрөшүп жаткан медиктердин массалык түрдө укугу бузулгандыгы тууралуу Amnesty International уюмунун докладында жарыяланган маалымат жөнүндө КР Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүнү билдирет.

Ушул жылдын аянварь айында Кытай Эл Республикасында, андан кийин башка өлкөлөрдө жаңы коронавирустук инфекциянын жайылышы тууралуу маалымат чыккандан баштап, КР Саламаттык сактоо министрлиги инфекцияга каршы даярдык көрүп, коронавирус маселеси боюнча Республикалык оперативдик штаб түзүлүп, керектүү ресурстарды эсептеп чыгуу боюнча иш-чаралар башталган.

Дүйнөлүк рынокто жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) жетишсиз болуп жана эпидемия күч алган мамлекеттер тез убакыттын ичинде бардык ЖККны сатып алышкандыгына байланыштуу, башында жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги болгон. Мындан улам, коронавирус инфекциясы көп мамлекеттерде тарап жаткандыктан, дүйнө жүзүндө жеке коргонуу каражаттарына керектөөлөрдү камсыздоо үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ЖКК өндүрүүчүлөрүн санын көбөйтүүгө чакырган.

Жакын аранын ичинде, ЖКК менен камсыздоо бардык мамлекеттерде жетиштүү болуп, Кыргызстан дагы COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерин толук кандуу камсыздоого жетише алды. Бардык сатылып алынган жана гуманитардык жардам катары тапшырылган ЖКК, дароо республиканын саламаттык сактоо уюмдарына жеткирилип жатты. Медициналык кызматкерлерди жеке коргонуу каражаттарын рационалдык жана туура колдонуу боюнча окутуулар дайыма жүрүп жатат. Окутуулар жерине барып жана Кыргыз мамлекеттик медициналык кадрларды кайра даярдоо институтунун базасында онлайн өткөрүлдү.
Эпидемиологиялык процесстин бир көрсөткүчү катары медициналык кызматкерлердин арасында оорунун катталган учурлары жана каза болгондордун расмий статистикалык маалыматы ачык жана транспаренттик принциптер менен жарыяланып турат.

Эпидемия башталган учурда эле, КР Өкмөтү тарабынан COVID-19 менен күрөшүп жаткан медициналык кызматкерлерге, ошондой эле жумуш учурунда COVID-19 вирусун жуктурган жана каза болгон учурларда финансылык жаткан стимул берүү боюнча чечим кабыл алынган. Вирус жуктурган же каза болгон учурда компенсациялык төлөмдөр бардык шарттарды карап чыгуудан кийин берилет.

Медициналык кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөр өз убагында төлөнүп жатат, бардык төлөмдөр саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан берилген табелге ылайык төлөнөт. Андан сырткары, эпидемиялык процесс турукташкан учурда, медициналык кызматкерлер үчүн Ысык-Көлдө реабилитациялык иш-чара уюштурулган, азыркы тапта 2500дөн ашык республиканын медиктери эс алып келишти.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 81