Украинанын Харьков аймагында Ан-26 аскердик учагы конууга жакын калганда кулап түшкөн. Бортто өлкөнүн аба күчтөрү университетинин курсанттары бардыгы 27 адам болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, 25 адам каза болду. Эки студент учактан секирип үлгүргөн, алар азыр ооруканада жатат.

Украинанын Улуттук Коопсуздук жана Коргоо Кеңешинин маалыматы боюнча, Ан-26 кыйроосу машыгуу учуу учурунда болгон.

Харьков облусунун губернатору Алексей Кучердин айтымында, учкуч кулап түшөөр алдында сол мотордун иштен чыккандыгын билдирген. “Мага белгилүү болгондой, сол кыймылдаткычтын иштебей калгандыгы жөнүндө учкучтан билдирүү келип түшкөн”, – деди ал.

Харьков облусунда авиакырсыкта курман болгондорго аза күтүү күнү жарыяланды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: