“Ала-Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларынын арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандар бар, ошондуктан тарап кетүүгө чакырабыз деп билдирет ички иштер министрлиги.

“Акцияга катышуучулардын арасында спирт ичимдиктерин ичип алып жүргөндөр, коомдук тартипти бузууга аракет кылгандар бар. Жарандардын ден-соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болоорун эске салабыз. Ошондуктан, жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды тарап кетүүгө чакырабыз”,- деп айтылат ИИМдин Басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
6
16
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 695