Социалдык тармактын колдонуучулары учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду колдоп флешмоб башташты.

Жарандар өздөрүнүн кайрылууларында Жээнбековдон кетпөөнү өтүнүп, анын мөөнөтүн аягына чейин иштеп чыгуусун суранышууда. Мындан тышкары, өлкөнү азыркы кырдаалдан ал гана алып чыга алат деген пикирлер пайда болууда.

View this post on Instagram

Урматтуу Кыргызстандыктар! Ушул күндөрү Кыргызстан башынан оор сыноону өткөрүп жатат. Жеке керт башын гана ойлогон саясатчылар жаштарды алдына салып, жыйынтыгында кызматка жетүү гана максаттары болгонун 3 күн ичинде көрсөтүп коюшту. Бул аралыкта президентибиз элди сабырдуулукка, саясатчыларды мыйзамдуулукка кайтып келүүсүнө үндөп, сабыр кылып турду. Кечээ, Өкмөт башына келген Садыр Жапаров, Президент арызын жазып кете турганын айтты. Мындай маалымат миллиондогон Кыргызстандыктарды кабатыр кылды. Алардын катарында менин дагы жүрөгүмдү оорутту. Себеби, 2017-жылы шайлоочунун 54 пайызынын ичинде менин дагы добушум, ишеничим бар болчу. Биз президентти өз мөөнөтүнө чейин иштесин деп шайлап, тандап алганбыз. Хан тактыга келгени өзүнүн карапайымдыгы, сабырдуу жана тазалыгы, жүрүм туруму, элине кыянаттык кылбаганы менен айырмалана алды. Өлкөнү талап тоногон ууру-кескилерди досу экенине карабай камакка салды. Алар канчалаган заардуу, ыплас сөздөрдү айтып, президентти “ал мусулман эмес, мунафык”-деп айтса дагы чыдады. Бүгүн, президентибиз кетем деп жатканы туура эмес. Шайлоочунун көбүнүн колдоосун алып, 6 миллион элдин тагдырын колуна алган жоопкерчиликти таштап, бүгүн кыйын учурда кетип калса анда кечире албайбыз! Президент эмне үчүн кетпеши керек? Себеби: Бюджетте 30 миллиард сом дефицит, мамлекеттик карызын сурап Кытай турат. Жакында эле пандемиядан алсырап калган экономикабыз турат. Эки жаат болуп бөлүнүп, ыркы кеткен саясий топтордун тирешүүсү турат. Эгер, президент арызын жазып кетсе, бийлик кайра эле бир адамдын колуна топтолот. Нааразычылык жаралат, кайра толкундоо болушу мүмкүн. Ошондуктан, президент журт атасы катары тирешкен саясий топтордун ортосуна арбитр болуп, шайлоону өткөрүп, Кыргызстандын бакубат жашоосуна тирек болушу керек жана милдеттүү деп эсептейм. Сооронбай Шарипович, бүгүн легитимдүү сиз гана мыйзам талаасына алып келе аласыз, бул чындык. Кетем деп айтканыӊыз туура эмес, кыйын күндө басып кеткениӊизди эл эч качан кечирбейт! Эл тандаган премьер-министр Садыр Нургожоевич менен эриш-аркак иштеп Кыргызстанды туңгуюктан алып чыгышыңыздар шарт жана талап кылабыз ! Биз бакубат, тынч өлкөдө жашагыбыз келет! #өлкөмөкайдыгерэмесмин #7бубан1бирэл

A post shared by 🇰🇬Заслуженная артистка КР🇰🇬 (@samarakarimovasinger) on

 

Макала жактыбы?

НетДа
9
11
Loading...

Комментарии

  1. Мен да президенттин оз срогун бутуруп анан кайтышына макулмун,себеби премьер министр озгортуулорду толук киргизишине,президенттин турганы жакшы,акыбал оор кыргызстанда,яЖаппровко каршы опоненттер да аз эмес,мындай катаал учурда президент кетип калса,алдыда не болоорун эч ким билбейт.

  2. Мен да, Президенттин, баардыгыбыздын урматыбызга татыган Сооронбай Шариповичтин, ушундай катаал мезгилде, оз эрки менен отставкага кетишине каршымын! Анткени, бул чечим, эгерде ал ишке ашса, биринчиден азыркы кырдаалга да, мыйзамга да ылайык келбейт. Анткени, бут дуйно жузуно, дагы, учунчу ирет шерменде болгону турабыз! Менин оюмча, Президентибизге, карапайым элдин конулу туз. Себеби, ал озунун сабырдуулугу менен, азыркы туруксуз абалдан чыгып кетууго туздон-туз салымын кошту деп эсептейм. Анткени, кокустан Президентибиз, мурункулардай болуп, ачууга алдырып, же жанындагылардын созуно кирип, элге зыян болгон кадамдарга барган болсо эмне болмок??? Кудай анын бетин ары кылсын… Ошондуктан, азыркы оной эмес кырдаалда, Президентибиз, Конституциянын Гаранты катары, оз милдетин, элдин мудоосун, отунучун ишке ашыруу учун президенттик моонотунун аягына чейин иштеп, эл башында, эл менен чогуу болушу керек, деп эсептейм!!!!

  3. Эгер Садыр Жапаров менен бирге иштесе калсын ал менен эл учун кооп жакшы иштер жасалат. Башка окмот башчы ташлашса эл дагы которулуп чыгат. Элге берген убадасын аткарып Садыр Жапаровдун бийлигин кучотсун

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 2 486