Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшырып жаткандыгын расмий жарыялап жатып, Мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

Ал президенттигинин биринчи жылын тышкы саясатты жолго коюуга жумшагандыгын баса белгиледи.

«Бул көзгө көрүнбөгөн, бирок көп убакытты жана күч-аракетти талап кылган түйшүктүү иш болду. Тышкы саясатты улуттук кызыкчылыктарыбызга толук жооп бергидей жүргүздүк. Мамилебиз солгундап калган мамлекеттер менен өнөктөштүгүбүздү бекемдедик», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президенттик ишинин негизги багыттары — өлкөнү санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыздоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү, калкты турак жай менен камсыз кылуу болду.

Ошондой эле ички миграцияны токтотуу максатында  аймактарды өнүктүрүү саясатына өзгөчө басым жасалганын, анын жыйынтыгында бюджеттик жана өлкөнүн финансы институттарынын каражатын элетке бурууга мүмкүн болгонун баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Өлкөбүздүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында аймактардагы ишкерлер, өзгөчө кайра иштетүү тармагы сезилерлик каржылык колдоо алышты», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Сот-укуктук реформасы ордунан жылып, коррупцияга каршы күрөш жүргөнүн кошумчалады.

«Көп жылдар бою талашка түшүп келген „Коопсуз шаар“ долбоорун ордунан жылдырдык. Патрулдук милиция өлкө борборунда ишин баштап, Ош шаарында даярдалууда.  Мына ушул жана башка иштердин баары эң биринчи кезекте — ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу максатында жасалды», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 52