Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев социалдык жеке баракчасында  парламенттик шайлоону кийинкиге жылдырууга каршы экендигин билдирген. Анда эмне себетен каршы экендигин үч факторго бөлүп, төмөндөгүчө жазган:
Мен Жогорку Кенештин депутаттарынын шайлоосун 2021-жылдын июнь айына жылдырууга каршымын.
Биринчиден, Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык гана мөөнөткө шайлана турганы Конституциянын 70-беренесинде так жазылган.
Экинчиден, БШК тарабынан шайлоо күнү жарыяланган. Мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.
Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын конституциялык реформа жасоо үчүн моралдык укугу да, убакыт да жок. Конституциялык реформаны Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышы жасашы керек”.
Эскерте кетсек бүгүн Жогорку Кеңеште, учурдагы кырдаалга байланыштуу депутаттык шайлоону кийинки жылга жылдыруу сунушталган.

Макала жактыбы?

НетДа
4
0
Loading...

Комментарии

  1. Депутат К. Иманалиевге кошулабыз. Чимкириктердин, референдум откоргонго эч кандай, моралдык акылары жок. ЧИМКИРИКТЕР ДАГЫ АЙЛЫК АЛЫП ЖЫРГАП КУУНАП ЖУРГУСУ БАР. ТЕЗИНЕН ТАРКАБАСА. ЖАПАРОВУН КОШУП БИЙЛИКТЕН КУУШ КЕРЕК. ЖЕТИШЕТ.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 327