26-октябрдан баштап аба каттамы менен келген жарандар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Казакстан мындан ары COVID-19 вирусун жуктурбаганын тастыктаган тести жок жарандарды өз аймагына киргизбейт. Бул шарт өздөрүнүн жарандарына дагы тиешелүү.

«26-октябрдан тарта авиакаттамдар менен келген ар бир адам ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Ансыз жүргүнчү бортко киргизилбейт. Тесттин жыйынтыгы жок адамды алып келген авиакомпания ири суммадагы айыпка жыгылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бул шарттын беш жашка чейинки балдарга тиешеси жок экени кошумчаланды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 26