Садыр Жапаров Кеңешбек Дүйшөбаевдин “Райым Матраимов менен Камчы Көлбаевди кармоо жөн гана театралдаштырылган шоу” деген сөзүнө комментарий берди.

“Дүйшөбаев кеминде 30 -40 жылдан бери күч структураларында иштейт. Бир коррупционерди же бир орчундуу кылмышкерди кармадабы? Мамлекетке ошол коррупционерлерден бир тыйын казынага түшүрдүбү? Шоу менен болсо да ал бир кылмышкерди кармап миллион, миллиардарды мамлекетке кайтардыбы? Силер бул суроону андан сурап көргүлө. Бул дагы аягы эмес, биз коррупционерлерге бир ай убакыт бердик, кээ бирлер өз эрки менен уурдаганын кайтарып берип жаткан учурлар катталууда. Айдын жыйынтыгы менен биз отчет беребиз”- деди Жапаров.

Эске сала кетсек Кеңешбек Дүшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп эки жумадан ашык иштеген, ал эми Садыр Жапаров бул кызматка Рыскелди Мусаевди дайындады.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 315