Касым-Жомарт Токаев Казакстанга иш сапары менен келген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алганын Казакстандын “Акорда” маалыматтык булагы жазып чыкты.

Анда мамлекет башчысы эки өлкөнүн кызматташтыгынын деңгээлине  баа берген.

“Казакстан менен Кыргызстан эң жакын мамлекеттер. Бизди бөлүп турган эч нерсе жок, тескерисинче, биздин өлкөлөрдү бириктирген көптөгөн факторлор бар. Казакстан үчүн Кыргызстан ишенимдүү союздаш, маанилүү стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкө” – деди Касым-Жомарт Токаев.

Мамлекет башчысы Казакстан Кыргызстандагы окуяларга кылдат байкоо салып, аны Кыргызстандын ички иши деп эсептээрин белгиледи.

“Бизди боордош Кыргызстандын келечеги ойлондурат. Ошондуктан, биз Кыргызстанга жардам берүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү караштырабыз. Мындан ары дагы эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди мурунку келишимдердин негизинде өнүктүрө беребиз” – деп билдирген Токаев.

Руслан Казакбаев өз кезегинде Касым-Жомарт Токаевге Кыргызстандагы оор мезгилдеги кабыл алуусу жана колдоосу, коронавирус пандемиясы учурунда гуманитардык жардам көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

“Менин сапарымдын негизги максаты – боордош казак өлкөсүнө болгон тышкы саясатыбыз, өлкөдө болуп жаткан ички саясий өзгөрүүлөргө карабастан өзгөрбөйбү же жокпу, аны аныктоо. Кыргыз Республикасы бир тууган казак улуту менен болгон жакшы мамилелерди ар дайым урматтап келген жана сыйлай берет. Өлкөнүн жаңы жетекчилиги эки боордош өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарына жооп берген бардык тармактарда кыргыз-казак мамилелерин мындан ары дагы бекемдөөгө жана кеңейтүүгө ниеттенүүдө”, – деди тышкы иштер министри Казакбаев.

Министр менен жолугушууда президент саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-транзиттик жана суу-энергетикалык тармактардагы кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурган.

Макала жактыбы?

НетДа
4
6
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 594