Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар  министрлигинен түзүлгөн атайын комиссия Бишкек-Ош стратегиялык маанидеги унаа жолундагы ашууларды тейлеген Жарандык коргонуу кызматтарынын кышка даярдыгын карап чыкты.  Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди. 

  Иш-чаранын жүрүшүндө Чүй облусунун “Сосновка” постунан Токтогул районунун “Арал” постуна чейин ашууларды тейлеген мамлекеттик  кызматтардын тейлөөсү боюнча кышка даярдыгын, атайын техникалардын даярдыгы жана жолго чачуучу инерттик материалдардын көрөңгөсү каралды.

Көйгөйлүү маселелердин бири болуп, жол тазалоочу атайын техникалардын жетишсиздиги, жолго кум чачуулар колго жүргүзүлүп жаткандыгы, атайын кум чачуучу техниканын жоктугу болуп саналат.

Жол тыгындын дагы бир себеби – оор жүк ташуучу автоунаалардын техникалык жактан керектүү талаптарга жооп бербегендиги, убагында текшерилбей жаткандыгы жана жеңил унаалардын кышка даярдыгы жоктугу экендигин билдиришти. 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 50