Күнүмдүк архивдер 07.11.2020

Джо Байден АКШдагы шайлоодо жеңишке жетишүүдө

АКШ да президенттике талапкер Джо Байден,  жеңүү үчүн керек болгон шайлоочулар коллегиясынын 270 добушун алды.  "Америка, бул улуу өлкөнүн президенти кылып мени тандаганыңар, мен үчүн...

Ошто качмакчы болгон жоокер төртүнчү кабаттан секирип кулап түшкөн

Ошто 19 жаштагы катардагы жоокер Т.А. качмакчы болуп төртүнчү кабаттан секирген. Ал имараттан чыгуу үчүн төртүнчү кабаттын терезесинен бакка секирүүгө аракет кылган, бирок дарак көтөрө албай жерге...

Эльвира Сурабалдиева «Семетей» госпиталынын бейтаптарды кабыл алууга даярдыгы менен таанышып чыкты

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева «Семетей» (мурдагы «Ганси» авиабазасы) госпиталынын COVID-19 коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды кабыл алуусуна карай даярдыгы менен таанышып чыкты. Таанышып чыгуунун жыйынтыгы боюнча белгиленгендей,...

Ырчы Темир Назаровдун атасы пневмониядан каза болду

Ырчы Темир Назаровдун атасы каза болду. Мындай суук кабарды өзү социалдык тармактагы жеке баракчасына жазды. Эскерте кетсек, буга чейин ырчы атасынын эки тараптуу пневмониянын оор...

Жалал-Абаддагы аттракциондордун биринде 11 жаштагы бала каза болду

Кечээ, 6-ноябрда Жалал-Абад шаарындагы Токтогул эс алуу багында орнотулган аттракциондордун биринде 11 жаштагы бала каза болду. Күбөлөрдүн айтымында, аталган эс алуу сейил багында «Молот Тора»...

“Садыр Жапаровдон келдик, кызматыңды тапшыр деп…” Жапаров жаштарга катуу кайрылды

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров өзүнүн атынан ким бирөөлөр мыйзамсыз иштерди жасап жатканын айтты. "Координациялык кеңештен же Садыр Жапаровдон келдик, кызматыңды тапшыр деп...

Башкы прокуратура Курманкул Зулушевге байланыштуу билдирүү жасады

Ушул жылдын 6-ноябрында Oper.kg сайтына чыккан "Прокуратура кызматкерлери Зулушевге нааразы болушууда" деген макала чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Элдик медиага" Башкы прокуратуранын басма сөз...

Бир күндө 556 адам оору жуктуруп, 2 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар: Бишкек - 160 Ош - 42 Чүй облусу – 95 Ош облусу - 54 Талас облусу - 17 Нарын облусу...

Садыр Жапаровдун майрам күндөрүнө байланыштуу кайрылуусу

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Төмөндө кайрылуу сөзү: «Урматтуу мекендештер! Жылда 7-8-ноябрь күндөрү Тарых жана...
video

Жапаров, Жээнбеков, Отунбаева баштаган топ Ата-Бейитке барышты (сүрөт, видео)

https://www.youtube.com/watch?v=I6rXQky4_o0&feature=youtu.be&fbclid=IwAR3QX4L7L4bDt2eiOEJYwXxUzFI9FhAkMCi-EpVd-TTqtPTDzUUt3ceehGs Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, Жогорку соттун төрайымы...
video

Ош-Бишкек унаа жолунда 3 адамдын өмүрүн алган үрөй учурган кырсык катталды(видео)

Ош-Бишкек унаа жолунда үрөй учурган кырсык катталды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Тасмада күбөө болгондой, жүк ташуучу унаа менен жеңил...
video

Айсулуу Тыныбекова 9:0 эсебинде атаандашын жеңип алтын медалга татыды(видео)

Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн «Poland Open» эл аралык турнирине 62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алды. Тыныбекова биринчи баскычта орусиялык Ульяна...

Атамбаевди абактан сүрөткө тарткандар он беш суткага айып изоляторуна камалды

Кечээ, 6-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы сүрөтү жарыяланган болчу. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган сүрөт 5-ноябрда тартылганы...

Бишкекте жаш кыздын үйүн тоногон жаран кармалды

Бишкекте үйдү тоноого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Милициясынын кайгуул  кызматынын  басма сөз кызматынан билдиришти. 6-ноябрда таңкы саат төрт чамасында борбордогу турак үйгө...