Кечээ, 6-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактагы сүрөтү жарыяланган болчу.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган сүрөт 5-ноябрда тартылганы аныкталды. Ал учурда Атамбаев №47 түзөтүү абагында кечки текшерүүдөн кийин (болжол менен саат 16:10 чамасында) башка соттолгон адамдар менен сүйлөшүп турган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 1994-жылы туулган К.Б. аттуу соттолуучудан чөнтөк телефон табылып, алынган. Ал Жазык кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгү (эки же андан көп адамды өлтүрүү) менен айыпталып, 30 жылга эркинен ажыраган.

Бул сүрөттү тартууга 1996-жылы туулган А.у.Д. аттуу соттолуучунун да тиешеси бар экендиги белгилүү болгон. Ал да Жазык кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде 17 жылга эркинен ажыратылган.

№47 түзөө абагынын администрациясы Жазык-аткаруу кодексинин 118-беренесинин 3-пунктунун жана мекеменин ички тартип эрежесинин 193-беренесинин негизинде аталган 2 соттолуучуну он беш суткага айып изоляторуна камады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: