Ири май куюучу жайлар боюнча  сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 9-ноябрь күнү, саат 10:40 карата АИ – 92 маркасында күйүүчү майдын баасы 0,21% жогорулады.

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 32, 4 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда – 33, 17 сомго, суюлтулган газ – 24, 1 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 31, 9 сомду, АИ-95 – 36, 3 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 42, 4 сом менен жана Bishkek Petroleum 47, 9 сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 32, 3 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

– «Партнер Нефть» – 23, 9 сом менен;
– Bishkek Petroleum – 23, 9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
– «Газпром нефть» – 24, 5 сом менен  (Бишкектеги үч май куюучу жай).

Булак: “Акчабар”

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: