Батыш Казакстан облусунун укук корго кызматкерлери Каратобинск аймагындагы сары кыздын арбагы тууралуу эл арасында тараган кабарлардын чын-бышыгын текшеришет. Бул тууралуу Казакстан облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашканын “NUR.KZ” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, “Участкалык инспекторлор Ханкол айылынын жанынан арбак көрдү делген адамдар менен сурамжылоо жүргүзүшөт. Ошондой эле социалдык тармактарда пайда болгон видеонун аныктыгын текшеребиз”, – деп билдирген Казактсан ШИИБдин расмий өкүлү Болатбек Белгибеков.

Белгилей кетсек, Казакастан облустун акими Гали Искалиев борбордук кеңеште өткөн брифингде сүйлөп жатып, ал ушак-айыңдарды ишенимдүү деп эсептебей, тескерисинче, текшерүү тапшырмасын берген. “Мен биздин полиция кызматтарына текшерүүнү тапшырам”, –деген ал. Ал ортодо социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп, тамашалап жатышат. Тактап айтканда, “Арбактар” кинотасмасындагы музыканын үнү менен көчөдө милициянын унаалары өтүп бара жаткан видео тартылды. Чечимге ылайык, күзөтчүлөр Батыш Казакстан облусунун акиминин көрсөтмөсү менен Ханколго жөнөшкөн.

Буга чейин сары чачтуу кыздын арбагы чакан айылдын тургундарын чочуткандыгы маалымдалган. Жада калса эркектер көргөндөрүнөн ыйлап жатышкан имиш. Каратобин районундагы Жусандой айыл аймагынын башчысы Талап Казиев бул ушактарга ишенбестигин белгиледи. Бирок анын айтымында, адамдар кочкорду союп, садака да кылышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 346