16-ноябрдан 21-ноябрга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги «Кыргыз Республикасынын медициналык билим берүүсүн реформалоо» долбоорунун колдоосу менен «Медайымга рахмат айт» маалыматтык кампаниясын өткөрүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылды Медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылы деп жарыялады. Медайымдардын кесипкөй адистери (медайымдар жана фельдшерлер) саламаттыкты сактоо тутумунун туруктуулугуна жетишүүгө жана сактоого чоң салым кошушат. Саламаттыкты сактоонун бардык деңгээлинде медайымдардын жана акушерлердин активдүү катышуусусуз коомдук саламаттыкты сактоо мүмкүн эмес

“Медайымга рахмат айт” маалыматык кампаниясы Кыргыз Республикасында Медайымдардын жана акушерлердин эл аралык жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат жана Өкмөттүн 2019-2030-жылдарга карата калктын ден-соолугун чыңдоо жана саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» Программасын жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлөт, 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасында билим берүүнү  жана медайымдык ишти өнүктүрүү программасы бекитилген.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформанын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп, баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде, бейтаптарга стационарда жана үй шартында квалификациялуу жардам көрсөтө алган медайымдык иштин адистерин даярдоо саналат.

Мындан тышкары, жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында, дарыгерлердин айрым функцияларын медайымдык иштин адистерине өткөрүп берүү пландаштырылууда – негизинен, эң көп таралган оорулардын, айрыкча жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, эне жана баланын ден соолугуна жана паллиативдик бейтаптарга кам көрүүгө багытталган функциялар.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын калкына медициналык -профилактикалык жардамды 2428 акушерка, 1450 фельдшер, 25597 медайым көрсөтүштү, алар өлкөнүн саламаттык сактоо тутумунун кадрлык ресурстарынын көпчүлүк бөлүгүн түзөт. Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 пандемиясына байланыштуу, 2020-жыл жалпы улуттук саламаттыкты сактоо тутуму үчүн дагы, ошондой эле медайымдар үчүн да оор жылдардан болду: “кызыл” зоналарда, мобилдик топтордо, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө, ошондой эле 118 байланыш борборунун операторлору катары эң чоң жүктү дал ошол адамдар башынан өткөрүштү.

“Медайымга рахмат айт” маалыматтык кампаниясынын алкагында жалпы маалымат каражаттарында жана коомдук жайларда социалдык жарнамаларды (плакаттар, постерлер, видеороликтер) даярдоо жана жайгаштыруу, медайым кесибинин өкүлдөрүнүн телерадио берүүлөрүнө катышуусу, социалдык тармактарда онлайн иш-чараларды уюштуруу (#МедаймдаргаРахмат #СпасибоМедсестрам хештеги астында) пландаштырылууда, ошондой эле медайымдардын кесипкөй адистерин сыйлоо аземин уюштуруу. Маалымат кампаниясы медайымдардын кесибинин кеңири таанылышын жана кадыр-баркын жогорулашын шарттап, коомчулукка медициналык кызматтарды көрсөтүүдө медайымдардын жана орто медициналык кызматкерлердин маанилүү ролу жөнүндө кененирээк билүүгө жардам берет деп күтүлүүдө.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланышыңыз:

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 13