Экс-президент Роза Отунбаева парламенттик башкаруу системасын колдойт, ал эми Конституциянын эски нускасына кайтуунун мааниси жок деп эсептейт. Бул тууралуу ал 12-ноябрда «Иш күндүн кечи» көрсөтүүсүндө Эркин Рыскулбеков менен маектешүү учурунда билдирди.

«Мен азыркы Конституцияны 2010-жылы ишке киргизген адам катары, парламенттик системаны карманып жүргөн кишимин деп ачык эле айта алам. Президенттик системаны Америкадай кылабыз дейт. Президенттик система жалаң Америкага таандык система да. Америка — бул федеративдик өлкө, ар бир штаттын өзүнүн Конституциясы, уставы бар», — деп белгиледи экс-президент.

Аны менен катар Отунбаева Жапаровдун партиялык система Кыргызстанды «талкалады» деген пикири менен макул эместигин, анткени бул мамлекеттин түптөлүүсүндөгү «алгачкы гана кадамдары» экенин, ал эми «бул жол менен бүткүл дүйнө бара жатканын» белгиледи.

Отунбаева учурда 2010-жылдагы революциядан кийин кеткен саясатчылар «иининдеги чаңды күүп коюп эч нерсе болбогондой» кайрадан бийликке келип атканын кошумчалады.

Булардын тизмегине Отунбаева 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган нааразылыктардын келип чыгышына «себепчи» болгон үч партиянын — «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» жана «Кыргызстандын» өкүлдөрүн кошту.

«Күнөөнү эч ким тартпай жатат. Баягы аткан кишилер, аскерлер эле күнөөсүн көтөрүп, түрмөгө отурушту. А башкалар кайсыл бети менен келишет? Кайра эле башкаруу позицияларына келип жатышат. Мисалы, Бакиевдин юристи азыр Конституцияны жазып жатат», — деди экс-президент.

Анын айтымында, ошол эле юрист 2007-2010-жылдары Отунбаева депутат болуп турганда, Курманбек Бакиев ооруп кала турган болсо, бийлик анын уулу Максимге өтөт деген мыйзам долбоорун кароого койгон.

«Эми он жыл өткөн соң, саясат менен коом алдыга кеткенде Конституция жазып атат. Таң калып жатам, кайсыл акылы менен жазып жатты экен», — деп сөзүн бүтүрдү Отунбаева.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 135