“Замандаш” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Конституциянын жаңы долбоору боюнча жеке жарандык пикирин билдирди.
“80 депутаттын кол коюусу менен жактырылган конституциялык долбоорго айрым депутаттар билбегендигин же макул эместигин билдирип чыгууда. Демек, 79 же ага жетпеген депутаттардын макулдугу менен коомдук угууга коюунун өзү канчалык лигитимдүү? Президенттик шайлоо менен кошо өтүүчү Референдумдун шашылыш чыгуусу эмнени каңкуулайт. Мамлекет- элдики, бир ууч топтуку эмес же дос тамыр, жакын адамдардыкы эмес!
Социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан жаңы долбоорго коомчулук тарабынан айтылып жаткан сын пикирлер жүйөөлүү.
Күнү куру эмес болуп жаткан мыйзамсыз иштерге көз жумуп отура албайм. Мен, азыркы болуп жаткан мыйзамсыз кадамдарга каршымын!
Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Элдин, эркиндиктин баркын, баасын билген адам мындай кадамдарга барбайт!
Мамлекет башчысы болом деген инсан элди эки бөлбөйт. Конституция мамлекет башчысы үчүн эмес, эл үчүн жазылат!

Макала жактыбы?

НетДа
30
19
Loading...

Комментарии

  1. Тура айтасыз буларда бирибирин кубаттап журушот биз депутаттар айла жок булар качан кетет же жалап журо беришеби

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 540